Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Агенттиктин кызматкерлери облустарда административдик- аймактык реформалардын алкагында окутуу-семинарларды өткөрүүдө
Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде Агенттиктин кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топтор республиканын аймактарын кыдырып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинарларды өткөрүшүүдѳ.
Семинарлардын жүрүшүндѳ Ош облусунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине, шаар мэрлерине, айыл ѳкмѳт башчыларына, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына усулдук жардам кѳрсѳтүлдү.
Белгиленген иш-чараларда пилоттук режимде ирилешкен айыл ѳкмѳттѳрүнүн, шаарларга кошулган айыл аймактары же айрым айылдар, участоктор жана контурларды бириктирүүнүн механизмдери, мүлктүк мамилелер, штаттарды оптималдаштыруу, муниципалдык ишканалардын түзүлүшү, бириккен жергиликтүү кеңештердин иштѳѳ тартиби сыяктуу маселелер талкууланууда.
Окутуу-семинарлардын жыйынтыгында айыл ѳкмѳттѳрүнүн жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун механизмдери боюнча бирдиктүү чечимдер кабыл алынат.