“Санариптештирүү – учурдагы мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири”
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” фракциясынын көчмө жыйынында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча сөз сүйлөдү.
Кудайберген Базарбаев: “Санариптештирүү – учурдагы мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири. “Санарип аймак” тутумунун негизги максатты мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө калкты тейлөөнү жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бирдиктүү маалымат түзүү, маалымат менен ыкчам камсыз кылуу, ведомстволук системалар менен маалымат алмашуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык статистикасын түзүү, маалыматтар базасынын актуалдуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” тутумуна 268 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туташкан, анын ичинен — 235 айыл өкмөттөр жана 33 – шаар мэриясы бар.
Натыйжада, статистикага карасак, 2022-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кагаз түрүндө 1 571 014 маалымкат берилсе, 2023-жылы кагаз түрүндө 339 077 маалымкат берилип, бул көрсөткүч 61 пайызга кыскартылды. Анткени маалымат алмашуулар электрондук түрдө аркылуу ишке ашып, жарандардан кагаз жүзүндө маалымкат талап кылынбай калды”.