«Кыргызстандын жаш лидерлери» программасынын биринчи физикалык сессиясы болуп өттү
«Кыргызстандын жаш лидерлери» программасы программасынын биринчи физикалык сессиясы болуп өттү. Долбоор, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Иш чарага, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.Саргазаков катышты.
Директордун орун басары, БАЭ өкмөтүнө жана «Жаш лидерлер» программасынын лидерлерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга жана окутууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле программанын катышуучуларына өзүнүн кесиптик жашоосунда лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болорун жана БАЭнин жогорку квалификациялуу адистеринен алынган тажрыйба жана билим Кыргызстандын өнүгүшүнө колдонуларын белгиледи.
“Кыргызстан жаштары” программасы – бул онлайн жана оффлайн режиминде өтүүчү 4 модулдан турган программа. Ага “Ийкемдүү лидерлик”, “Кризистик башкаруу”, “Ресурстарды башкаруу”. Бул программа боюнча Кыргыз Республикасынын 25 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окутулууда.
Окутуулардын жыйынтыгында катышуучулар БАЭде өз долбоорун коргоого жана эл аралык стандарттарга жооп берген сертификатка ээ болушат.