Кудайберген Базарбаевдин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
“Урматтуу асылзаттар!
Сиздерди Айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм!
Көктөм менен катар келген бул майрамды жалпыбыз кубануу менен утурлайбыз. Токсон алакеттен өтүп адам тукумуна өмүр тартуулап эле койбостон, эрезеге жеткенче алпештеп баккан, болгон жашоосунда жүрөгүн миң санаага бастырып балам деген энелердин күнү.
Жашообуздун көркү, үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Ошондуктан аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү гана айтабыз.
Урматтуу мамлекеттик, муниципалдык кызматта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенген айым кесиптештер!
Мамлекетибиздин түрдүү тармактарында жаралып жаткан ийгиликтеринде, жетишкендиктеринде Сиздердин ордуңуздар чоң. Нечендеген айым кесиптештерибиз, талыкпаган эмгеги жана күжүрмөн аракети менен мекенибиздин өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп келүүдө.
Ардактуу айымдар!
Байыртан акылман апаларыбыз үй-бүлө очогун сактаса, сүйүктүүлөрүбүздүн жылмаюусу, кыздарыбыздын күлкүсү жан дүйнөбүзгө кубаныч тартуулап, күч-кубат берет.
Сиздер бар үчүн жашообуз жаркын!”
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев.