Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасы – 2023” сынагынын жыйынтыгына Агенттиктин башкармалыгынын башчысы М. Омурзаков катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (МКЖӨБМА), Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ), Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы биргеликте, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасы – 2023” сынагынын уюштуруп жеңүүчүлөрдү аныктады.

Сынак 2023-жылдын 16-ноябрынан 29-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мыкты тажрыйбалары порталынын платформасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 17 алдыңкы тажрыйбасына онлайн добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн.

Сынактын жыйынтыгы менен төмөнкү ЖӨБО жеңүүчү аныкталды:

I орун – Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы «Тогуз-Торо айыл аймагындагы айылдарды түнкү жарыктандыруу менен камсыз кылуу»;

II орун – Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы «Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу жана Табылгыты айылдарына таза суу чыгаруу»;

         III орун – Масы айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы «ЖӨБ органынын ачык-айкын иш-аракети, жергиликтүү тургундардын активдүүлүгү жана колдоосу өлкөбүздүн өнүгүүсү».

Кызыктыруучу байге – Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн  тажрыйбасы «Узунакмат дарыясына дамба куруу»;

Кызыктыруучу байге – Нарын шаарынын тажрыйбасы «№1 Кыргыз-Араб достугу аймагынын Жаңы-Жер участкасына жашылдандырууга шарт түзүү».

Иш-чаранын жүрүшүндө сынактын жеңүүчүлөрү өз тажрыйбалары менен тааныштырып, анын максаттары жана милдеттери, жыйынтыгы жана жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу жалпы маалыматтар менен бөлүштү.

Жеңүүчүлөр Агенттиктин ведомстволук сыйлыктары жана  өнөктөштөр тарабынан баалуу белектер тапшырылды.