Кудайберген Базарбаевди Агенттиктин эмгек жамааты мамлекеттик сыйлык алышы менен куттуктайт

Базарбаев Кудайберген Базарбаевичти III даражадагы «Манас» ордени менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйлады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жалпы эмгек жамааты  Кудайберген Базарбаевди мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайт.