Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформанынын алкагында семинар-тренингдерди уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү

Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Агенттиктин кызматкерлери жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышкан жыйынды алып барды.

Иш чаранын жүрүшүндө жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча семинар-тренингдерди уюштуруу, өткөрүү тууралуу маселелер талкууланды.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрдө Агенттик Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен биргеликте акимдерди реформанын жүрүшүндө иш алып баруулары боюнча окутуудан өткөзөт

.