Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен 2023-жылы Агенттиктин бөлүмдөрү тарабынан аткарылган иштердин орчундууларын жарыялайбыз
“е-Kyzmat”
Санариптештирүүдө 2023-жылы Агенттик жүзөгө ашырган иштердин орчундуулары. Кадр ишмердүүлүгүндөгү процестери автоматташтырылып, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо жана жүгүртүүнү кыскартуу максатында төмөнкү ченемдик-укуктуп актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери жүргүзүлдү.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жолго коюлду.
Агенттик Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте санариптик кызматтык күбөлүктү иштеп чыгуу алкагында «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасынан тиешелүү иш-чараларды жүргүздү.
Маалыматтардын ачык жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык органдар жарыялаган конкурстук тандоолорду камтыган портал иштелип чыкты. Конкурстарга онлайн режиминде өтүнмө берүү үчүн биринчи бөлүгү ишке ашырылды.
Ошондой эле, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте «Аралыкта окутуу» порталы модернизацияланып, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн англис тили» электрондук курсу жайгаштырылган.
Мындан сырткары мамлекеттик кызматты өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасын дал келтирүү иштери аткарылды.
Зарылчылыкка жараша жоопкерчиликтүү колдонуучулар үчүн онлайн/офлайн форматында окутуу семинарлары уюштурулуп, өткөрүлдү.
“Санарип аймак”
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу алкагында, жарандардан «анык жашаган жери» жана «үй-бүлө курамы» жөнүндө маалыматтарды талап кылбастан, 23 мамлекеттик орган жана 59 коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле, бул маалыматтар жашоочуларга «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүүлүгү камсыз кылынган.
Жогорудагы мумкүнчүлүктөр Кыргыз Республикасынын баардык жашоочуларына жеткиликтүү болуу жана “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасынын базасын толуктугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн 2023-жылдын 10-майынан тартып жашоочуларды каттоо иш-чарасы массалык түрдө жайылтып, тийиштүү видеороликтер, слайддар жана башка медиафайлдар даярдалып, жалпыга маалымдоо каражаттарында, веб-порталдарда, социалдык тармактарда жана башка ыкчам билдирүү кызматтарында таркатылган. Жаралган маселелерди ыкчам түрүндө чечүү, практикалык түшүндүрмөлөрдүү берүү максатында баардык региондордо семинарлар жана жумушчу жолугуулар уюштурулуп, өткөрүлдү.
Жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча «Санарип аймак» системасына 800 минден ашуун жашоочулар катталып, учурда жалпы саны – 5 606 140 (81%) түзөт.
Ошондой эле, «Санарип Аймак» системасынын «Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри» модулу иштелип чыгып, 14 ЖӨБ органында пилоттук режимде ишке киргизилген.