Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы жана Агенттиктин иш планынын негизинде мыйзамдуулук боюнча мониторингдер жүргүзүлүүдө
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан жумушчу комиссия түзүлүп, төмөнкү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мыйзамдуулуктуу сактоо боюнча Чүй жана Талас облусунда мониторинг өткөрүлдү.
Атай кетсек, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү, Красновосточный айыл өкмөтү, Сары-Коо айыл өкмөтү, Полтавка айыл өкмөтү, Сары-Булак айыл өкмөтү, Жайыл айыл өкмөтү, Суусамыр айыл өкмөтү. Ошондой эле, Талас районундагы мамлекеттик жана Талас райондук ветеринардык башкармалыгы, Айдаралиев айыл өкмөтү, Арал айыл өкмөтү, Калба айыл өкмөтү, Осмонкулов айыл өкмөттрүндө жүргүзүлдү.
Аталган органдарда укук ченемдик актылардын аткарылышында катачылыктар кеткендиги аныкталган. Мониторингдин жыйынтыктары боюнча жумушчу комиссия тарабынан кетирген катачылыктарды жоюу сунушу берилип, белгиленген мөөнөттө кемчиликтердин жана катачылыктардын жоюлушу боюнча жооптор алынды.
Жумушчу комиссия өз ишинин жүрүшүндө «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо маселелери боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөттү.
Башкармалык тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ишмердиги, мыйзамдардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп келет.