Кудайберген Базарбаевдин буйругу менен аймактык реформалардын алкагында жумушчу топ түзүлдү
Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасынын негизинде Агенттиктин буйругу менен ведомстволор аралык Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө № 370 Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгынын негизинде аткаруу максатында, жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топ, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын штаттык расписаниесинин түзүмүн оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди тандоо тартибин өркүндөтүүгө багытталган ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш алып бармакчы.
Аталган ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына министирликтердин, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Агенттиктинн кызматкерлери киргизилди.