Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Ысык-Көл облусунда семинар уюштурулду
Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Ысык-Көл облусунун беш районунун жана облустук маанидеги эки шаарынын аппарат жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Э.Мокешова жана жетектөөчү адиси Б.Абыкаев тарабынан окутуу семинар өткөрүлдү.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоо жөнүндө типтүү жобону бекитүү» тууралуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө” Типтүү жобосун түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жумушчу топ түзүлүп, Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Э.Мокешова мүчөсү катары биринчи отурумуна катышып, Жарлык күчүнө киргенден тартып иш-чаралар бекитилди.