Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен 2023-жылы агенттик тарабынан аткарылган иштерди жарыялап турмакчыбыз

2023-жыл   ичинде  Агенттик  тарабынан   жалпысынан  12 мамлекеттик органда, 7 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик   жана   муниципалдык     кызмат      жаатындагы мыйзамдардын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле 6 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында пландан тышкары, 1 мамлекеттик органда кайталап мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында  кадрларды дайындоодо, ротациялоодо, аларга класстык чендерди ыйгарууда, сыноо мөөнөтүн өткөрүүдө, жаза тартибин колдонууда мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзам-ченемдер бузулган фактылар аныкталды. Кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча комиссиялардын, этика комиссияларынын, кызматчылардын эмгек стажын эсептөө боюнча комиссиялардын иш регламенти жок, кадрдык иш өндүрүшү талапка ылайык жүргүзүлбөйт.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө сунуштар жөнөтүлгөн.