Кудайберген Базарбаевдин ташырмасы менен “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобо иштелип чыкты
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацын ишке ашыруу жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруусуна уюштуруучулук жана методикалык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2023-жылдын 25-декабрындагы № 358 буйругу менен “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди жана жаңы редакциясынын презентациясы өттү.
Жобо муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу жана бузуу боюнча ченемдерди жана эрежелерди, ошондой эле процессти коштогон жол-жоболорду белгилейт.
Муниципалитеттер балансында турган эски жана пайдаланууга жараксыз мүлктөрдү эсептен чыгарууда бир топ кыйынчылыктар болуп келген. Бирок жаңы документ менен муниципалдык кызматкерлер үчүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча бул маанилүү милдетти аткаруу жеңил болот.
Жобону мамлекеттик жана расмий тилинде сайттан (https://mkk.gov.kg/) жүктөп алсаңыздар болот.