Кудайберген Базарбаевдин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу алкагында Балыкчы шаарында семинар уюштурулду.
Окутуу семинар Ысык-Көл, Тоң жана Балыкчы шаарынын муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерине, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.