Кудайберген Базарбаевдын тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын райондук маанидеги мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди кадрлардын муниципалдык резервине киргизүүгө конкурсу уюштурулду. Иш чара, Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Чолпон Ачикееванын төрагалыгы алдында болуп өттү.
Конкурстун аңгемелешүү этабына жалпысынан 11 талапкер катышып, алардын ичинен 4 талапкер райондук маанидеги шаардын мэринин, 2 талапкер анын орун басары жана 4 талапкер айыл өкмөттүн кызмат ордуна, 1 талапкер райондук маанидеги шаардын мэринин жана анын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервине киргизүүгө конкурска катышышты.