Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Талас облусунун мамлекеттик органдарынын кадр иштерине жооптуу мамлекеттик кызматчыларына жана айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө” типтүү жобосу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык жөнүндө” типтүү жобосун жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө” типтүү жобосу жөнүндө окуу-семинары болуп өттү.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу максатты менен коштолду.

Семинард Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Н.Абдыкадыр уулу жана   К.Осмонкуловтор алып барышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир катар сууроолор берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.