Кудайберген Базарбаев кезектеги жеке маселелери менен кайрылган жарандарды кабыл алды
Кудайберген Базарбаев кабыл алуусуна жеке маселелери менен кайрылган жарандар менен баарлашып, маселелерин укту. Айта кетсек, кабыл алууга келген адамдар, кадр, окутуу, санарип жана башка жеке маселелери менен дагы кайрылышты.
Жетекчи коомдук кабыл алуусуна, Агенттиктин тийиштүү бөлүм башчыларын катыштырып жеринен маселелерди карап көрүп, ишти чечүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, Агенттиктин жүктөмүнө кирбеген суроо, талаптар менен келген жарандар дагы болду. Аларга тийиштүү тармакка кайрылуусу түшүндүрүлүп, жетекчинин мүмкүнчүлүктөрүнүн жана Агенттиктин иш милдеттеринин чегинде көрмөк берилди.
Кудайберген Базарбаевдин коомдук кабыл алуусу ар аптанын жума күндөрү эртең мененки саат 00.07ден 10.00го чейин жүргүзүлөт.
Байланыш телефону: 0312 660339 0990 774430
Дарек: Бишкек ш., Чүй 122, 1-кабат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик.