Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун «БУУ Аялдар» түзүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушту
Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы БУУ Аялдар түзүмүнүн жетекчиси Улзийсурен Жамсранды жана БУУнун Аялдар программаларынын башчысы Сагипа Джусаеваны кабыл алды.
Иш-чарада аялдардын мамлекеттик кызматтагы абалы тууралуу маалыматтар жана изилдөөлөр берилип, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жолдору сыяктуу темалар баса белгиленди.
Тараптар мындан аркы жемиштүү эки тараптуу кызматташтык үчүн долбоорлорду талкуулап, аларды ийгиликтүү ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.