Кудайберген Базарбаев ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отурумуна катышты Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отурумуна катышты. Жыйынга Агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев, КР Президентинин Администрациясынан А.С. Шамеев жана Комиссия мүчөлөрү кирди. Комиссиянын күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнү, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө маселелер каралып, ар бир сунуш боюнча талкуу жүргүзүлдү. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев Агенттиктин жаштар жамаатты менен жолугушту Агенттик, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ирригация тармагындагы ыйгарым укуктары жөнүндөгү Методикалык колдонмонун презентациясын жана талкуулоосун өткөрдү.