Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылып жаткан Жамааттардын демилгесинин улуттук долбоору 15 айыл аймагына гранттык жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылып жаткан Жамааттардын демилгеси улуттук долбоорунун өкүлдөрү жана КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен консультациялык жолугушуу болуп өттү.
Кудайберген Базарбаев меймандарды жылуу тосуп алып, бул жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун башында Агенттиктин директору Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кадрлар резерви, тестирлөө өткөрүү сыяктуу агенттиктин негизги ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.
-“Бүгүнкү күндө Агенттиктин приоритеттүү багыттарынын бири административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө катышуу. Бул өнөктүк Кыргызстандын учурдагы тарыхый окуясы, өтө чоң эмгекти талап кылган жана масштабдуу иш болуп саналат. Бирок буга карабастан, Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Нарын облусунда пилоттук режимде ийгиликтүү ишке ашты. Быйыл өлкөнүн калган аймактарында реформа уланууда. Бүгүнкү күндө 452 айыл өкмөттүн 235и калып, 14 шаарга 19 айыл аймагы кошулууда. Башкача айтканда, экономикалык жактан күчтүү айыл өкмөттөрү туруктуулук үчүн экономикалык жактан начар айыл өкмөттөрү менен бириктирилет. Кыргыз Республикасында 27 000 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Агенттиктин дагы бир негизги милдеттеринин бири мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу, окутуу жана кайра окутуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте окутуу боюнча мамлекеттик тапшырыкты ишке ашырып келебиз. Мамтапшырыктын алкагында окутуудан тышкары, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун алкагында чет өлкөлөрдө окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программалары менен иштеп келебиз. Биз жакында эле, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерди, облустук маанидеги шаар мэрлерин мультипсихометрдик тесттен өткөрдүк. Ошо менен катар, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу үчүн полиграфтык тестти киргизүүнү пландап жатабыз”.
Өз кезегинде, Кристофер Финч мырза жана анын кесиптештери Дүйнөлүк банктын жана АРИСтин өкүлдөрү Жамааттардын демилгесинин улуттук долбоору менен тааныштырышты. Долбоордо негизги максаттуу топтор белгиленген. Ошонун негизинде айыл аймактары арасында конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Натыйжада 15 айыл аймагына гранттык жардам берилет. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө калктын бардык катмарынын муктаждыктары эске алынары белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул долбоор тараптардын жалпы кызыкчылыктарын чагылдырарын жана белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.