Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту
Жолугушууда тараптар кызматташтыктын буга чейинки чектери жана мындан аркы биргелешкен аракеттери боюнча пикир алмашышты. Иш чара Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчисинин демилгеси жана жолугушууну уюштуруу өтүнүч катынын негизинде ишке ашырылды.
Кудайберген Базарбаев элчи мырзага демилгелүүлүгү жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошого катар, өлкөдө ишке ашырылып жаткан пилоттук режимдеги Административдик-аймактык реформалардын жүрүшү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу, квалификациясын жогорулатуу маселелериндеги Агенттиктин аткарган иштери, максаттары тууралуу айтып берди.
“Өткөн жылы Агенттик Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Административдик-аймактык реформалар тууралуу жарлыктарынын негизинде Түп районунда 13 айыл өкмөтү, 5 айыл аймагына ирилештирилди. Ошол алынган тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 63төн 27ге кыскарды. Быйылкы жылы жалпы республика боюнча шаарлар менен айыл өкмөттөрүндө Административдик-аймактык реформа пилоттук режимде 452 айыл өкмөтү бириктирилип 235 айыл аймагы кайрадан түзүлүүдө. Кошумчалай кетсем, 14 шаардын курамына 19 айыл аймактары киргизилүүдө.
“Кадрлар баарын чечет”- демекчи, биз мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер менен айрым саясий кызмат адамдарынын кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу иштерин КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте иш алып барабыз. Коюлган максаттарга жетүү үчүн Академияда мындан ары бакалаврдык окутуу багытын алып салдык. Азыркы учурда 27 000 админстративдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Ошондой эле, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерди, облустук маанидеги шаар мэрлерин мультипсихометрдик тесттен өткөрдүк. Алдыда коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алууну көздөп, полиграфтан (калп детектору) кызматкерлерди өткөрөлү деп жатабыз”.
Ошондой эле, Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер мырза Кыргыз Республикасы менен анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында Агенттик менен 13 жылдан бери тыгыз кызматташып келе жатканын айтты. Ага улай, жогорку эки маселеде ишенимдүү өнөктөш катары кол кабыш кылуу жолдорун карап көрөрүн кошумчалады.