Кудайберген Базарбаев “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун Жогорку Кеңеште жактады Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комиттетин отурумунда “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Бул мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзам актыларына шайкеш келтирүү, Мыйзамдагы аныкталган кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Буга чейин биринчи окууда жактырылып,, ушул жылдын 18-ноябрындагы Жогорку Кеңешинин жыйналышында кабыл алынган. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевичтин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясында болуп өткөн “Ыр кесе” долбоорунун гала-концертинде активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарларына Агенттиктин башкармалыктын башчысы ыраазычылык каттарын тапшырды Кудайберген Базарбаев Агенттик тарабынан иштелип чыккан эки мыйзам долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жактады