Кудайберген Базарбаев Корея Республикасынын Сэмаыл Ундонг борборунун өкүлдөрүн кабыл алды
Кудайберген Базарбаев менен Корея Республикасынын Сэмаыл Ундонг борборунун региондук өнүктүрүү боюнча эксперти, профессор Бэк Сок Хи айым менен жолугушту.
Жетекчи Сэмаыл Ундонг борборунун эксперти Сок Хи айымды жылуу кабыл алып, Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүүдөгү жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда тараптар биргелешкен иштердин жыйынтыгын жана келечектеги пландарды талкуулап, анда К. Базарбаев белгилегендей, 2017-2021-жылдар аралыгында айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү коомчулуктун киреше потенциалын чыңдоого багытталган бир катар жергиликтүү долбоорлор ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө долбоордун экинчи этабы (2022-2026-жылдар) ар кайсы аймактардан келген 4 жаңы айылда жүрүп жатат.
Өз кезегинде Сэмаыл Ундонг борборунун өкүлдөрү айрым пилоттук айылдарда ишке ашырылып жаткан жана бүткөрүлгөн долбоорлордун мониторингинин жыйынтыктарына канааттангандыгын билдиришти.
Иш чаранын соңунда агенттиктин директору сый-урмат жана узак мөөнөттүү кызматташууга жана жергиликтүү коомчулукту эффективдүү өнүктүрүүдө тажрыйба алмашууга ишенимин билдирди.