Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы боюнча Агенттикте КРСУнун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Иш чаранын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү укугун сактоо конституциялык принцибин ишке ашырууда кадрларды тандоодо маалыматтык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.
Студенттерге Агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К. Жээнбаев тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттары боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле, Тестирлөө бөлүмүнүн (борборунун) башчысы Б.Т. Салыкбаев мамлекеттик кызматка болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик кызматтын негиздери, мамлекеттик кызматка кирүү жана өтүү тартиби, ошондой эле тестирлөө бөлүмүнүн (борборунун) ишмердүүлүгү тууралуу кыскача айтып берди. Андан сырткары мамлекеттик кызматка кирүүдө колдонулуучу полиграф аппараты (жалган детекторду) менен Эксперт-полиграфолог У.А. Калыбеков полиграфты колдонуу менен тестирлөө жол-жоболорун үйрөтүштү.
Демонстрациянын жүрүшүндө студенттерге тестирлөө борбору (анын аймактык филиалдары менен) конкурстардын ачык-айкындуулугун, купуялуулугун жана калыстыгын камсыз кылып, жаңы ыкмаларды колдонуп жатканы көрсөтүштү. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери аталган иш-чаранын катышуучуларынын суроолоруна кеңири жооп беришти.