Кудайберген Базарбаев ПРООНдун өкүлдөрүн кабыл алды

 Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН / БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Соловьева менен жолугушту.

Кудайберген Базарбаев Соловьева айымды Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү болуп дайындалышы менен куттуктады, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жетекчи андан сырткары, жергиликтүү жамааттардын Уставын жаңылоону колдой тургандыгын, ал коомдук биримдикти эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгилеп, анда чыр-чатактардын алдын алуу,  жана ашыкча ысырапкорчулук маселелери эске алынганын айтып өттү.

Иш чарада, негизинен тараптар биргелешкен иштердин жыйынтыгын жана келечектеги пландарды талкуулашты. Өз кезегинде ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү жемиштүү иш үчүн өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.