Кенже кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Жер маселелери боюнча жетектɵɵчү адис) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. (Жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана курулуш, айыл чарба багыттары) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; Кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Улук кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Юрист-башкы адис) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим.(Юриспруденция багыты боюнча) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; 3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жɵнүндɵ” Мыйзамын; 4.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ” Мыйзамын; 5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жɵнүндɵ” Мыйзамын; 6.Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, “Административдик иштин негиздери административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); –илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын сентябрь айынын 5-чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү 100. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Атк.:Төлөгөнов Э.К-0708709401 Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: