Кенже кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Жер маселелери боюнча жетектɵɵчү адис) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. (Жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана курулуш, айыл чарба багыттары) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; Кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Улук кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Юрист-башкы адис) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим.(Юриспруденция багыты боюнча) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; 3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жɵнүндɵ” Мыйзамын; 4.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ” Мыйзамын; 5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жɵнүндɵ” Мыйзамын; 6.Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, “Административдик иштин негиздери административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); –илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын октябрь айынын 2-чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү 100. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Атк.:Төлөгөнов Э.К-0708709401 Жазуулар боюнча багыттоо Жети-өгүз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти