Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн Башкы топтун административдик муниципалдык кызмат орундары: 1) Кесиптик билиминин деңгээли: – Жогорку билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика, социалдык тармактарында. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; – КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы; – КР “Саламаттык сактоо жөнүндө”мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси; – “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу; – “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу; – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу жана тийиштүү деңгээлде билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика, социалдык тармактарында. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; – КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” . Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – КР Эмгек кодекси; – КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы – КРнын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамы; – КР Элдик Курултай жөнүндө Конституциялык мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары; – КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу; – “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси; – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Эскертүү: Сынакка катышуучулар, жарыя жарыялангандан тартып, 10 жумушчу күн ичинде документтер кабыл алынат. Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын ____ октябрь саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер сынакка катышууга чакырылат. Дареги: Кызыл-Кыя шаары, Масалиева көчөсү 60, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, 3-этаж, байланыш телефону: 03657 5-03-97. Жазуулар боюнча багыттоо Кызыл-Кыя шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервин түзүү боюнча башкармалыкка Каржы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнө бөлүм башчы (башкы эсепчи) кызматына ачык конкурс жарыялайт.