Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башкы адис-юрист орду, жана финансы-экономикалык болүмүнүн башчысы

 

1) айыл өкмөтүнүн финансыэкономика бөлүмүнүн башчысы

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана башкаруу).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

2) Айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи

1)Кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо;

аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо;

укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Талап  кылынуучу документтер :

 – жеке арыз,

– паспорттун көчүрмөсү,

– резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен),

– өмүр баяны( соттуулугу бар, же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен),

– дипломдун, эмгек китепчесинин(нотариустан тастыкталган) көчүрмөлөрү,

–  4-6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

 

Талапкерлерге тийиштүү документтерин гезитке же сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө тапшыруусу зарыл.

Дареги: Эски Покровка айылы , Курсан Сайпидинов көчөсү № 42.

Байланыш телефону: (0559) 148 848

wpChatIcon
wpChatIcon