кенже кызмат (гуманитардык блок) ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдарды билүү жана ошондой эле актылары: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. -соттолбогондугу тууралуу маалымдама. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккандан баштап 10 (он) календардык күн ичинде Кызыл-Суу айылы Манас №194 дарек боюнча тапшыруу керек: Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Кѳл району Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү Жети-өгүз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.