Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Агенттик ЖӨБ Союзу менен биргеликте тармактык талкууларды уюштурууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу менен биргеликте «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбооруна карата Чүй облусунда коомдук угуу жана талкуу уюштурду.
Иш чарага Агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков жана башкы адис Н.М. Саттаров катышты. Ал эми Чүй облусунан айыл өкмөт башчылары, айылдык жана шаардык кеңештердин төрагалары жана Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун директору Б.И. Орозбаев катышты.