Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун, программаны иштеп чыгуу максатында талкуу болуп өттү.

Иш чарага Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Өнүктүрүү саясаты институтунун эксперти Бекболот Бекиев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун директору Бектурган Орозбаевдер катышты.

Аталган долбоор Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо жана колдоо бөлүмү тарабынан иштелип чыккан.