Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлкеттик агенттиктин директору –Карыпбеков Улан Кадырсултановичтин  31- август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы менен  куттуктайм!

Кыргыз Республикасы аталып мекенибиз көз карандысыздыкка жеткенине 32 жылга аяк басып отурат. Чейрек кылымдан ашкан мезгил ичинде доор менен тең жарышып, дүйнө мамлекеттиринин арасында өз ордубузду таба алдык.

Арийне, мамлекеттүүлүктү түптөө максатында бараткан жолубузда ар кыл кырдаалдар болбой койгону жок. Ошого карабастан элибиздин “оорду жерден, жеңилди колдон алган” эзелтен келе жаткан ынтымагынын барган сайын артканына кубанасың.

Эркин мамлекетибизди мындан ары өнүктүрүп, өстүрүү үчүн бизге калкыбыздын ынтымагы мындан дагы артып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мекенге берилгендикте ак кызмат кылуусу зарыл.

Жалпыңыздарга чың  ден соолук, күч-кубат жана бакубат жашоо каалайм! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!