Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын БАШКЫ жана УЛУК административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 20-августунан тартып 2025-жылдын 2-сентябрына чейин ачык конкурс жарыялайт. КР Агартуу министрлигинин борбордук аппараты -административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобу; -административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1)кесиптик билимдин деңгээли: – гуманитардык илимдер, «экономика жана башкаруу», педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими. 2)иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; 3)жалпы мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 4.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.«Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11.«Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому. предметтик мыйзамдар: 12.«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 13.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 14.«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 15.«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 16.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы. 4) билгичтиги: – 2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес; – мыйзамдарда каралган учурларда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү расмий тилди билүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүү; – компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү. – тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө. – файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана оңдоо). – тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу. – диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө). – компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж. б): – электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү. – ар кандай браузерлер менен иштөө. – кеңсе техникасы менен иштей билүү. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -гуманитардык илимдер, «экономика жана башкаруу», педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: билими: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.«Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому. предметтик мыйзамдар: 8.«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 10.Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11.«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 12.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы. 4) билгичтиги: – 2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес; – мыйзамдарда каралган учурларда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү расмий тилди билүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүү; – компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү. – тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө. – файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана оңдоо). – тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу. – диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө). – компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж. б): – электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү. – ар кандай браузерлер менен иштөө. – кеңсе техникасы менен иштей билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: – жеке арызы; – өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); – резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат); – кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; – соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 20-августунан тартып 2025-жылдын 2-сентябрына чейин (1-сентябрь саат 18.00 чейин). Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет №219 же https://reserve.srs.kg/selection шилтемеси аркылуу документ тапшырууга болот. (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида) Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Агартуу жана илим министрлиги