Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2024-жылдын 12-апрелинен тартып 23-апрелине чейин ачык конкурс жарыялайт. КР Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратына -кызмат орундарынын улук тобуна -кызмат орундарынын кенже тобуна 2.Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 6. “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому; 7. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 9. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 4) билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү. 5) көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 4. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 6. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 4) билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -командада иштөө. 5) көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 3Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: – жеке арызы; – өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); – резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат); – нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; – соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 4Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 12-апрелинен тартып 2024-жылдын 22-апрелинин саат 18.00 чейин. Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида). Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти