Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Жогорку соттун аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын улук топтогу адмнистративдик кызматына (оператор-монтажер адистиги боюнча) Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 24-августу саат 17-30 га чейин жүргүзүлөт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек. Улук административдик кызмат ордуна (оператор-монтажер адистиги боюнча) -оператор-монтажер тармагында жогорку билим; -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматтын стажы же 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы; Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндө Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдырды билүү: -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Конституциялык мыйзамын; -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын; -Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; -“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндө” Жобосун; -Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругу менен бекитилген кызматтык нускамасын; -кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. -Билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -элдин алдында сүйлөө; -пресс-релиз, макала жана башка өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана расмий тилдерде тийиштүү материалдарды даярдап массалык-маалымат каражаттарына жарыялоо; -жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдалуусун көзөмөлдөө; – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу; -кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү; -мамлекеттик тилден расмий тилине которуу жана кайрадан расмий тилинен мамлекеттик тилине которуу; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; -компьютердик жана социалдык тармактардагы иштөөнү билүү: (маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо, Интернет, эл.дарек ж. б.). Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу. -ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; -сапаттуу видеолорду тартуу жана монтаждоо; -социалдык жана анимациялык роликтерди жасоо; -телесюжет, атайын репортаж, бокс монтаждоо; -Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-борборун техникалык жактан тейлөө; -Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтын иштетүү (материалдарды жарыялоо, видеоматериалдарды жүктөө жана маалыматтарды социалдык тармактарга таркатуу); –ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; -мамлекеттик жана расмий тилдерде аналитикалык макалаларды даярдоо; -коммуникациялык стратегиянын жана медиа пландын аткарылышын көзөмөлдөө; -ММКлардагы маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана жалпылоо. Тандоого катышууну каалаган адамдар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот: 0312 66-15-13 (кадрлар бөлүмү). Жазуулар боюнча багыттоо Органикалык айыл чарба департаменти Билим берүү жана илим министрлиги