Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси. – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: 1)“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси; 2)Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; 3)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 4)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 5)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы . № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөрүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу” 6)Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин 2025-жылдын 20-июлундагы № 93 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобосу”. Тиешелүү көндүмдөр: – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар; – укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо; – объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү; – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программаларды колдоно билүү. Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар арызды электрондук форматта “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу бере алышат, өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн документтер) же кагаз форматында көктөлгөн документтер тиркелет: Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз; – сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – Диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү; – Акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу убактысы: 2025-жылдын 13-октябрынан 2025-жылдын 24-октябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин. Документтерди кабыл алуу орду: Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети. Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы ачык сынак жарыялайт КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ,ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН КЫРГЫЗ ГЕОЛОГИЯ КЫЗМАТЫ