Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
— жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын 05.05.2021-ж. Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын” 04.05.2007-ж. № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын 27.10.2021-ж. № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын 20.07.2009-ж. № 241 “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын 08.08.2012-ж.№ 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын 19.07.2025-ж. №127 “Электрондук башкаруу жөнүндө “ мыйзамы
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;
2)Кыргыз Республикасынын 02.06.1999-ж. № 45 Жер кодекси;
3)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” 11.01.1994-ж. № 1372-XII Мыйзамы ;
4)“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” 13.07.2011-ж. № 95 Мыйзамы ;
5)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөрүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”
6)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.05.2024-ж. № 240 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобосу”.
Тиешелүү көндүмдөр:
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;
— укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;
— объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программаларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— Диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— Акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы:2025-жылдын 18-августунан баштап 2025-жылдын 29-августун кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 5-кабат, 505а кабинети. Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47