Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2019-жылдын санариптештирүү багытында аткарылган иш-чараларды жыйынтыктоо максатында статс-катчылар жана аппарат жетекчилер менен жыйын өткөрдү
2020-жылдын 23-январында Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясынын «жол картасынын» 9-пунктуна ылайык «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү электрондук базасын толтуруу багытындагы иш-чараларды жыйынтыктады.
Бул жыйында мамлекеттик органдардын 2020-жылга карата кызматкерлерди окутуу муктаждыктары жана «e—Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарынын толуктугу, аныктыгы, актуалдуулугу, жана ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтарды санарип форматка өткөрүү деңгээли талкууланды.
Мамлекеттик органдардын 2020-жылга карата кызматкерлерди окутуу муктаждыктары жөнүндө Мамлекеттик кадр кызматынын Окутуу жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Исраилов маалымат берди. Бул маалыматка ылайык 2020-жылы жалпы жонунан 3500 кызматкерди окутуу пландалып жатат. Мамлекеттик тапшырыкта ошондой эле Санариптик трансформациялоо жана Киберкоопсуздук багытунда дагы курстар каралган.
«e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасын толтуруу жана маалыматтарды санарип форматка өткөрүү жөнүндө Мамлекеттик кадр кызматынын Электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы И. Шаршенова маалымат берди
. Бул маалыматка ылайык баардык мамлекеттик кызматкерлердин болжолдуу саны 16000 ден ашуун деп алсак, анда жалпы кызматкерлердин маалыматынын 51.6% гана санарип форматка өткөрүлгөн.
Бул багытта мамлекеттик органдар натыйжалуу иш алып барып, бул көрсөткүчтү 100% жеткирүүсү зарыл.
Эң жогорку жетишкендиктерди бул системаны ишке киргизүүдө, колдонууда жана маалыматтарды санариптештирүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы көрсоткөн.
Ошондой эле 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасында ийгиликтүү иш алып барып, системанын өнүгүшүндө, маалыматтарды санариптештирүүдө, ведомстволук жана территориалдык бөлүмчөлөрүнүн туташтырууда көрсөткөн ийгиликтери, зор салымы жана ишмердигинин эң жогорку жетишкендиктери үчүн төмөнкү статс-катчылар белгиленди:
- Конокбаев Талант Абдыкадырович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
- Кененбаев Чынгыз Токтобекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
- Мамбетов Азамат Муратович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
- Шаршеев Айдин Омуралиевич — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы.
«e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасында мамлекеттик органдардын адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын кызматкерлери түздөн – түз иш алып барат. Бул кызматкерлердин ичинен дагы чоң жетишкендиктерди төмөнкү кызматкерлер көрсөткөн: Дооронбекова Жылдызкан Темесиновна, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы
- Дооронбекова Жылдызкан Темесиновна, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы
- Кендирбаева Гульмира Догдурбаевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин башкы адиси
- Токтобекова Айнура Жакшылыковна, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы
- Маразыков Кубатбек Машаевич, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин инженер программисти
- Бакирова Светлана Омурбековна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкы адиси
- Немченко Марина Алексеевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси
- Ураимов Алихан Ураимович, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сектор башчысы.
Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасынан биринчилерден болуп «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасына кошулуп, ал системаны колдонуп, жана эң чоң ийгиликтерди Жалал-Абад шаарынын мэриясы көрсөттү.
Тагыраак айтканда шаардын биринчи вице-мэри Адылбеков Майрамбек Алымбекович бул багытта эң чоң ийгиликтерди көрсөтүп, системаны жакшыртуу жаатында көп салым кошту!
Адылбеков Майрамбек Алымбекович, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри.
Бул иш-чараны жыйынтыктап жатып, санариптик трансформация масштабдуу процессинин катышуучулары бир ай мөөнөтүндө ички ведомстволук окутууларды уюштуруу жана 2020-жылдын 1-кварталынын аягына чейин кызматкерлердин маалыматтарынын электрондук форматын 51 пайыздан 100 пайызга чыгаруу милдеттерин коюшту.