Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Агенттик) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резерви жөнүндө” Жарлыгына ылайык айыл өкмөт башчысы кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт (НАРЫН ОБЛУСУ).

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

Биринчи этап – квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.

Экинчи этап – компьютердик тестирлөө.   

Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.                                                                                                                                                                                                                                                                    

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

Конкурска катышууну каалаган жарандар “e-Kyzmat” https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет.  

Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:

– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;

– эмгек китепчеси;

– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;

– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме форма боюнча.

Документтер электрондук форматта 2026-жылдын 28-майынан 1-июнуна чейин иш күндөрү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Агенттиктин 1-аймактар аралык башкармалыктарынын даректери:

  • Бишкек ш., Панфилов көчөсү 122, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, 1-кабат).
  • Нарын ш., Ленин көчөсү 76, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-кабат)

Байланыш үчүн телефондор:  Нарын шаары (03522) 5-23-00, Бишкек (0312) 60-05-49;