Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин.
— Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын:
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону;
Топко тиешелүү көндүмдөр:
Билгичтиги:
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын.
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу убактысы: 2024-жылдын 14-октябрынан баштап 25-октябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин.
Документтерди кабыл алуу орду:
Бишкек шаары, Манас проспектиси 28, 5-кабат, 505а кабинети.
Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47