Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервине конкурс:
— башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) жашы 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим:
— “Экономика” багыты боюнча бардык профилдер жана адистиктер боюнча;
— “Юриспруденция” багыты боюнча;
— “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыттарындагы бардык профилдер жана адистиктер боюнча;
— “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча.
2) иш стажына талаптар коюлбайт.
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
I. “Экономика” багыты боюнча бардык профилдер жана адистиктер боюнча:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
II. “Юриспруденция” багыты боюнча:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо;

III. “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыттарындагы бардык профилдер жана адистиктер боюнча:
— “Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

IV. “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча:

— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) кесиптик компетенттүүлүгү:
— билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим:
— “Экономика” багыты боюнча бардык профилдер жана адистиктер боюнча;
— “Юриспруденция” багыты боюнча;
— “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыттарындагы бардык профилдер жана адистиктер боюнча;
— “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча.
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
I. “Экономика” багыты боюнча бардык профилдер жана адистиктер боюнча:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
II. “Юриспруденция” багыты боюнча:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
III. “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыттарындагы бардык профилдер жана адистиктер боюнча:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
IV. “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
5) кесиптик компетенттүүлүгү:
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
3. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1) жогорку кесиптик билим:
— “Экономика” багыты боюнча бардык профилдер жана адистиктер боюнча;
— “Юриспруденция” багыты боюнча;
— “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыттарындагы бардык профилдер жана адистиктер боюнча;
— “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча.
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
3) негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалымат алуу укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4) предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
I. “Экономика” багыты боюнча бардык профилдер жана адистиктер боюнча:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
II. “Юриспруденция” багыты боюнча:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
III. “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыттарындагы бардык профилдер жана адистиктер боюнча:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрында № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
IV. “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
5) кесиптик компетенттүүлүгү:
— билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди төмөнкүдөй ырааттуулукта папкага көктөп тапшыруу керек:
1)өзүнүн арызы;
2)резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
3)нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4)нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
5)илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
6)Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2025-жылдын 20-майынан 2-июнуна чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 122, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик, каб.214 (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары).
Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)

Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)