Ак-Талаа райондук мамлекеттик  администрациясынын  аппарат  жетекчиси административдик  мамлекеттик  кызмат  ордуна  коюлуучу  квалификациялык  талаптар:

                                                                        Б-А

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

—  тийиштүү  багыттагы  жогорку билим  (гуманитардык, социалдык, педагогикалык, экономика жана башкаруу , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл  чарба );

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөсүндөгү  5 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы

мыйзамдарды                                

                                 Жалпы (негизги) мыйзамдар

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  1. Кыргыз Республикасынын “Электрондук  башкару  жөнүндө”  Мыйзамын

 

Тиешелүү  тармактагы  (предметтик) мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы,
  2. Кыргыз Республикасынын   Эмгек кодекси,
  3. Кыргыз Республикасынын  Жер кодекси,
  4. Кыргыз  Республикасынын   Салык кодески,
  5. Кыргыз Республикасынын   үй-бүлө кодекси,
  6.    Кыргыз  Республикасынын   “Саясий атайын мамлекеттик муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамын,
  7.   Кыргыз  Республикасынын   “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосун
  8.   Кыргыз  Республикасынын   мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө Жобосун,
  9.   “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобону
  10. Кыргыз  Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө” Мыйзамын
  11.   “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо” Мыйзамын
  12. Кыргыз  Республикасынын   “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо”

Билгичтиги:

— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

—  башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

—  кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

—  алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

—  өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

—   ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

—   чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Ак-Талаа райондук мамлекеттик  администрациясынын  аппаратынын архитектура, курулуш, транспорт боюнча башкы адис  административдик  мамлекеттик  кызмат  ордуна  коюлуучу  квалификациялык  талаптар:

                                                                        У-Б

Кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, архитектура жана  курулуш, инженердик- техникалык, айыл чарба);

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы

мыйзамдарды

Жалпы (негизги)  мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  2. Кыргыз Республикасынын “Электрондук  башкару  жөнүндө”  Мыйзамын

 

Тиешелүү  тармактагы  (предметтик) мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын “Автомобильдик транспорт жөнүндө” Мыйзамын,
  2. Кыргыз Республикасынын “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө” Мыйзамын,
  3. Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө” Мыйзамын,
  4. Кыргыз Республикасынын “кендер жөнүндө” Мыйзамын,
  5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү  тартиби жөнүндө жобо”,
  6.   Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы,

Билгичтиги:

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын маданият жана туризм  маселелери боюнча башкы адис административдик мамлекеттик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

У-Б

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билими (гуманитардык, социалдык , педагогикалык, маданият жана искуство ).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү  билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Жалпы (негизги)  мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  2. Кыргыз Республикасынын “Электрондук  башкару  жөнүндө”  Мыйзамын

                            Тиешелүү  тармактагы  (предметтик) мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын,
  2. Кыргыз Республикасынын КР “Билим берүү мекемелери жөнүндө” Мыйзамын, 3. Кыргыз Республикасынын   “Маданият жөнүндө” Мыйзамын,
  3. Кыргыз Республикасынын “Китепкана иштери жөнүндө” Мыйзамын,
  4. Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамын,
  5. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы,

 

Билгичтиги:

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү
  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө.

                  Көндумдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн  төмөнкү  документтерди  делого тиркеп  тапшыруу  керек (делонун сыртына толук  аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта  дареги көрсөтүлсүн):

  • Жеке арыз;
  • паспорттун  көчүрмөсү;
  • резюме ( сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • нотариус же  акыркы иштеген жери  боюнча  күбөлөндүрүлгөн  негизги жана кошумча  билимин (бар  болсо)  тастыктаган документтердин  көчүрмөлөрү;
  • нотариус же  акыркы иштеген жери  боюнча  күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин  көчүрмөсү ( иш стажысы  бар балсо)
  • илимий даражаны   жана  илимий наамды  ыйгаруу  жөнүндө  документтердин көчүрмөлөрү ( бар  болсо);
  • соттуулугу бар  же  жок экендиги  жөнүндө  маалыматы.

 

Сынакка катышуу  үчүн документтердин  топтомун Ак-Талаа  райондук  мамлекеттик администрациясынын  иш  кагаздарын  жүргүзүү, документтик  камсыздоо  жана  кадр маселелери  боюнча  башкы  адис  Ч.Нураковага тапшыруу  зарыл.

 

Дареги: Ак-Талаа  району, Баетов  айылы, К.Мырзалымбеков көчөсү №16                        ( Ак-Талаа  райондук администрациясынын 3 кабаты, 32-кабинет)

Документтерди тапшыруу  мөөнөтү: 2025-жылдын 18-августунан 29-августуна саат 18.00гө  чейин  кабыл  алынат.

Сурап  билүү  телефондору:  (03537) 92-3-10, 0500075394

     

Эскертүү: белгиленген  талаптарга жооп  бербеген  документтерди  жана

маалыматтарды  берген  жарандарга конкурска  катышууга жол  берилбейт.