Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын юридикалык маселелер, укук боюнча башкы адис административдик мамлекеттик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (юриспруденция, юрист) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөндөгүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Жалпы (негизги) мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы (предметтик) мыйзамдар: КР “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө” Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо” Мыйзамы; КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” Мыйзамы; КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы; КР “Диний уюмдар жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө” Мыйзамы; КР “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Мыйзамы; КР “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Мыйзамы; КР “Жашыруун иш кагаздар жөнүндө” Мыйзамы. КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Билгичтиги: кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн): -Жеке арыз; -паспорттун көчүрмөсү; -резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өмүр баяны – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы. Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адис Э.Токтогуловага тапшыруу зарыл. Дареги: Ак-Талаа району, Баетов айылы, Мурзалымбеков көчөсү №16 (Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын 2 кабаты, 20-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2023-жылдын 1-августунан 14-август саат 18-00 го чейин кабыл алынат. Сурап-билүү телефону: (03537) 92-1-58, (03537) 92-1-60, 0701 212131 Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы Кочкор райондук билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ