Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:
 Кыргыз Республикасынын жараны;
 жаш курагы – 18 жаштан жогору;
 кадрлар резервине киргизүү үчүн, мыйзамда белгиленген квалификалык талаптарга
ылайык келиши керек
1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу (У-Б) үчүн (башкы адис)
Административдик кызмат орундарынын улук оруну үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
 жогорку билим (педагогикалык, гуманитардык илим/багыттары боюнча);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
 жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы
же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Төмөнкүлөрдү билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120
Токтому.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү
квалификациялык талаптар белгиленет:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
1) «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Башталгыч кесиптик билим берүү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Эл аралык келишимдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий
тилдерди билүүсү.
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
2. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (К-Б, К-А адистери)
Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар:
Кызмат орундарынын кенже топтору үчүн төмөнкүлөр болуш керек:
– Педагогикалык, гуманитардык илимдер боюнча жогорку билими;
– иш стажына талаптар коюлбайт.
Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү
нускамасын.
Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
2. “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;
3. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
4. “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук таматануусу
жөнүндө” мыйзамы;.
5. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн
2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
— Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
— жеке арызы;
— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен),
— өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы
кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып 10
календардык күндүн ичинде Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө Кочкор айылы,
Токтогул көчөсү №65 дарегинде иш күндөрү саат 18:00 чейин кабыл алынат.
Байланыш телефондору: 0 (3535) 50971, 0707109020
Конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.
Эскертүү: Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрдык резервине киргизүү үчүн
талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынакка катышуу үчүн документтери коюлган
талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш
маалыматтары жана дареги так болушу керек.