Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын юридикалык маселелер, укук боюнча башкы адис административдик мамлекеттик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим (юриспруденция, юрист)

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Жалпы (негизги) мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Тиешелүү  тармактагы (предметтик) мыйзамдар:

 

  1. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;
  2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо” Мыйзамы;
  3. КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” Мыйзамы;
  4. КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. КР “Диний уюмдар жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө” Мыйзамы;
  6. КР “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  7. КР “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын.
  8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Мыйзамы;
  9. КР “Жашыруун иш кагаздар жөнүндө” Мыйзамы.
  10. КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Билгичтиги:

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

-Жеке арыз;

-паспорттун көчүрмөсү;

-резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өмүр баяны

— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы.
Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адис Э.Токтогуловага  тапшыруу зарыл.

Дареги:  Ак-Талаа району, Баетов айылы, Мурзалымбеков көчөсү №16      (Ак-Талаа  райондук мамлекеттик администрациянын 2 кабаты, 20-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2023-жылдын 1-августунан 14-август саат 18-00 го чейин кабыл алынат.

 

Сурап-билүү телефону: (03537) 92-1-58,  (03537) 92-1-60, 0701 212131

 

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.