Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

 

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  2. КРнын Эмгек кодекси
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн


  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
    • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:


  1. Кесиптик билим денгээли:

— педагогикалык багыттагы жогорку;

 

  1. Иш тажрыйбасы жана стажы:
    — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү  билүү:

КРнын Билим берүү жөнүндө, мугалимдрдин статусу жөнүндө, мектепке чейинки билим берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги окуучулардын тамактанусун уюштуруу жөнүндөгү Мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

 

-Жеке арыз;

-паспорттун көчүрмөсү;

-резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны

— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы.
 

Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Г.М.Нурманбетовага   тапшыруу зарыл.

Дареги:  Ак-Талаа району, Баетов айылы, Манас көчөсү №25 (Ак-Талаа  райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты, 2-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: ;жарыя чыккан кундон тартып 10 кундун ичинде кабыл алынат.

 

Сурап-билүү телефону: (03537) 92-7-64, 0709 717 993

 

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.