Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орунуна кадр резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:
1) Улук кызмат орунуна:
-Юридикалык жогорку билим.
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2)Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызмат же муниципалдык кызмат стажы бир жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы үч жылдан кем эмес.

3)Кесиптик компетенттүүлүгү:
Улук кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:

Негизги тесттен өтүү үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
1.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын;
2. “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):
-Өздүк арызы;
-Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;
-Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
-Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
-Паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2024-жылдын 29- августунан 16-сентябрына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 9.00дөн 18.00гө чейин.
Дареги: Бишкек ш., Ч.Айтматов пр. ½, № 418-кабинет.
Байланыш телефондор: 21-01-47, 0 550 244 663, 0 700 244 663;

Конкурс www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.