Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн — 21 жаштан жаш болбоого;

3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты  тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

1)         Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)         Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

3)         Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4)         Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

5)         Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6)         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

 Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси”;

— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

-“Расмий статистика жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө”;

— «Электр Энергетикасы жөнүндө»;

— “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;

— “Автомобиль транспорту жөнүндө”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Агрардык өнүктүрүү багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

2)Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын  Жер Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасынын  Суу Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасынын  Токой Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”;

-“Жайыттар жөнүндө”;

-“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө”

-“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”;

— “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

Уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү багытында

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык  билим берүү, гуманитардык, техникалык,    айыл чарба илимдери, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар боюнча жогорку кесиптик билими.

 

  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;

— “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”;

— “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”;

-“Тынч чогулуштар жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Кадр иштери жана укуктук камсыздоо багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Гуманитардык, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, техникалык илимдер, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

2)Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” ;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                                      2-февралындагы № 25 сандуу жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндөжобо”;

-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Социалдык өнүктүрүү багытында

 

Башкы адис – 1 штаттык бирдик (У-Б)

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

Социалдык, гуманитардык илимдер,  педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын  төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө  Кодекси”;

-“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;

-“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”;

-“Тышкы миграция жөнүндө”;

-“Ички миграция жөнүндө”;

-“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар багытында

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

-Юриспруденция,  Өрт коопсуздугу, Аскердик билим берүү, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерди жана мыйзамдарын билүү:

-Кыргыз  Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;

-“Жарандык коргонуу жөнүндө”;

-“Өзгөчө абал жөнүндө”;

-“Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо”;

-“Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери”;

-“Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартиби”;

-“Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобо”;

-“Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартиби”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

 Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар багытында

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

-Юриспруденция,  Өрт коопсуздугу, Аскердик билим берүү багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын билүү:

-Кыргыз  Республикасынын Граждандык Кодекси;

-Кыргыз  Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;

-“Согуштук абал жөнүндө”

-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол жоболор жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”

-Кыргыз Республикасынын Президентинин “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;

-“Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш багытында

 

1)Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык  илимдер, айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.

 

2)Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”;

— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”;

-“Электрондук кол тамга жөнүндө”;

-«Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө
жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коомдук кабылдамасы

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык  илимдер, айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.

 

  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”;

-“Электрондук колтамга жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө”;

-«Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө
жобо”;

-“Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө болжолдуу жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик   кызмат орундарынын тобуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн — тиешелүү багыттагы жогорку билим;

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарынын тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

 

1)         Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)          Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3)         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү багытында

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерин жана мыйзамдарын

билүү:

-“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси”;

—  Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

-“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”;

— “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык, техникалык, айыл чарба илимдери, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү:

-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”;

-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Социалдык өнүктүрүү багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Социалдык, гуманитардык илимдер,  педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын  төмөнкү мыйзамдарын билүү:

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

-“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”;

-“Дене тарбия жана спорт жөнүндө”;

— “Туризм жөнүндө” 

-“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”

-“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”;

-“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар багытында

 

        1) Кесиптик билимдин деңгээли:

-Юриспруденция,  Өрт коопсуздугу, Аскердик билим берүү, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

 

2)Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү Кодекстерди жана мыйзамдарын

билүү:

-Кыргыз  Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;

— “Тынч чогулуштар жөнүндө”;

-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;

-“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө”;

-“Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо”.

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш багытында

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык  илимдер, айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, маалымат коопсуздугу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.

 

2)Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү:

— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”;

-«Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө
жобо”;

-“Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө болжолдуу жобо”;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди  тапшыруу керек:

 

—    өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя гезитке жарыяланган күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 8-30дан 17-30га чейин “Конкурска” деген белги коюлган көктөмөгө салынып тапшырылуусу зарыл.

Документтерди кабыл алуу дареги: Талас шаары Бердике баатыр көчөсү №287,               3-кабат  №315 бөлмөсү.

Байланыш телефондору: (03422) 5 29 87,  0703 95 58 33