Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты кадрлар резервине  кирүү үчүн  ачык конкурс жарыялайт

 

Административдик кызмат орундарынын башкы (Б–А) тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 

-биринчи этап -документтерди кароо;

 

-экинчи этап – компьютердик тестирлөө;

 

-үчүнчү этап – аңгемелешүү.

 

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ  КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

 

I. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына (Б-А) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 2.    Иш стажы жана тажрыйбасы:–  административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: – жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Билими: – жогорку билим  (Экономика жана башкаруу, Гуманитардык, аскердик, Архитектура жана курулуш, Физика-математика илимдери, Геодезия, Геология, Энергетика жана энерготехника, Айыл чарба, Табият таануу, Транспорттук техника жана технология, Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, Автоматташтыруу жана башкаруу, Материал таануу, металлургия жана машина куруу). 

3.    Кесиптик компетенттүүлүгү:Төмөнкүлөрдү билүү:1.      Кыргыз Республикасынын Конституциясы;2.      “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;3.      “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;4.      Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.5.      “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;6.      “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;7.      “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;8.      “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;9.      “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 

Тийиштуу тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “ Турак жай кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “ Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Суу кодекси».

Билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
  • көндүмдөрү:
  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР                ЭЛЕКТРОНДУК “Е-КЫЗМАТ” МАМЛЕКЕТТИК ПОРТАЛЫНДАГЫ ЖЕКЕ КАБИНЕТИ АРКЫЛУУ ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен электрондук форматта өтүнмө;
  • Резюме (электрондук почтанын дареги жана телефон номерин көрсөтүү менен);
  • Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;
  • Негизги жана кошумча билимин (бар болсо) документтердин көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

 

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде

элекрондук “е-кызмат” аркылуу кабыл алынат. 

 

Суролор боюнча дареги: Манас шаары, Ю. Абдырахманов көчөсү №6, 5-кабат, 6, 7-кабинеттер (чечимдердин аткарылышын контролдоо жана уюштуруу инспектордук башкармалыгы).

тел. (03722) 2-16-40, 5-16-70

 

wpChatIcon
wpChatIcon